Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 03:29

Ооганстандын президенти Ашраф Гани "Талибан" кыймылы менен элдешүү бир тараптуу токтотулганын расмий жарыялады. Бул тууралуу 30-июнда Кабулда басма сөз жыйынында айтты:

-Элдешүү бүттү. Ооган күчтөрүнө аскердик аракеттерди жасоого уруксат берилет. Талиптер өлтүрүүлөрдү уланта берет же тынчтык жараянына кошулат, чечимди "Талибан" кабыл алат, - деди президент.

Ашраф Гани согушкерлерди куралын таштап, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого жана саясий партия катары күздө өтө турган парламенттик шайлоого катышууга быйыл февраль айында да үндөгөн. Анда жоочулардан ооган өкмөтүн таануу жана мыйзам үстөмдүгүн урматтоо талап кылынган. “Талибан” ал чакырыкка да кулак салган эмес.

Согушкер топ "сүйлөшүү үчүн адегенде өлкөдөн чет элдик күчтөр кетиши керек" деген мурдагы шартын кайталаган. 17-июндагы элдешүүнү узартууну жарыялаган кайрылуусунда Ашраф Гани бул сунушту да карап көрүүгө даяр экенин билдирген болчу.

“Талибан” кыймылы ооган өкмөтү менен 17 жылдан бери согушуп келе жатат. Айрым маалыматтарда өкмөттүк күчтөр азыр Ооганстандын 60 пайыздай аймагын гана көзөмөлдөйт. Ооганстандыктар талиптерден тышкары, "Ислам мамлекети" террордук тобунун кол салууларынан да азап тартып келүүдө.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG