Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:43

Футбол-2018: Орусия Испания менен ойнойт


Орус футболунун күйөрманы.

Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында бүгүн 1/8 финалдык оюндар уланат. Кечки саат сегизде чемпионаттагы үй ээлери Орусия менен Испания чейрек финал үчүн жолдомону талашат.

Букмекерлер азырынча Орусиянын бул оюнда жеңүү мүмкүнчүлүгүнө 35 пайыз берсе, Испанияга 65 пайыз деп божомолдошууда.

Ошондой эле бүгүн түнкү саат 12де Хорватия жана Дания командалары ойношот. Бул оюнда Хорватияда жеңүүгө мүмкүнчүлүк жогору экенин букмекерлер белгилешет. Уткан команда чейрек финалга өтсө, утулганы чемпионат менен кош айтышат.

1/8 финалдык оюндар кечээ башталып, Франция жана Уругвай командалары чейрек финалга өтүштү, ал эми Аргентина жана Португалия чемпионаттан четтеди. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG