Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Баш калаада #Art140bishkek көргөзмөсү башталды


Бишкек.
Бишкек.

Бишкек шаарында табиятты коргоого, калаанын тарыхын урматтоого жана айлана-чөйрөгө сый мамиле жасоого чакырган көргөзмө башталды. #Art140bishkek аттуу маданий иш-чара Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 1-июлдан 8-июлга чейин уланарын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Көргөзмөгө боёкто тартылган жана фотосүрөттөр кошулуп 140 эмгек коюлган. Аларда шаардагы тарыхый имараттар, табият, шаар тургундары менен коноктору чагылдырылган.

Көргөзмөнү Бишкек мэриясы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен чогуу уюштурууда.

Быйыл апрелде Бишкектин 140 жылдыгы белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG