Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Футбол-2018: Орусия Испанияны утуп чейрек финалга чыкты


11 метрден тебүү учуру. 1-июль, 2018-жыл
11 метрден тебүү учуру. 1-июль, 2018-жыл

Испания жана Орусиянын футбол командаларынын оюну Москванын "Лужники" стадионунда өттү. Беттеште негизги жана кошумча берилген убакыттар 1:1 эсебинде аяктады. Жыйынтыгында эки команда пенальти тебишип, 4:3 эсеби менен Орусиянын футболчулары утту. Дарбазачы Игорь Акинфеев эки топту тосууга үлгүрүп, командасын чейрек финалга алып чыкты.

Орусиянын курама командасы СССР урагандан бери биринчи жолу чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда алар Хорватия же Даниянын курама командасы менен кезигет.

1/8 финалдык оюндар кечээ башталып, буга чейин Франция жана Уругвай командалары чейрек финалга өткөн, ал эми Аргентина менен Португалия чемпионаттан четтеген.

Орусиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты 15-июлда жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG