Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Франция Венгриядагы элчисин чакыртып алды


Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

Франциянын мындай кадамына Венгриядагы элчи Эрик Фурньенин Будапешттин саясатын колдогону себеп болгону айтылды.

Элчинин президент Эммануэл Макронго, Тышкы иштер министрлиги менен Евробиримдиктин жетектөөчү органдарына жазган кызматтык катын "Mediapart" сайты 18-июнда жарыялаган. Анда ал Венгрия бийлигинин миграция маселесин чечүү саясатын «үлгүлүү» деп эсептей турганын жазган. Ошондой эле венгерлер «мыйзамсыз мигранттардын агымынан жаралган маселелерди алгачкылардан болуп түшүнгөнүн» белгилеген. "Mediapart" сайты Фурнье Венгриянын чек арасына дубал тургузуу жана «полицияга мигранттарды желим ок менен атууга мүмкүндүк берген» мыйзам жөнүндө эч нерсе жазбаганын эске салды.

Француз элчиси мындан тышкары Венгриянын Конституциясына сунушталган өзгөртүүлөрдү колдой турганын айткан. Өзгөртүүлөрдө өлкө аймагына «чет өлкөлүктөрдүн» көчүп келишине тыюу салуу жана мамлекеттик органдарды «христиан маданиятын коргоого» милдеттендирүү каралган.

Өз катында Эрик Фурнье Европанын Будапештти айыптаган билдирүүлөрүн «мадьярофобия» деп атап, Венгрияга каршы репрессиялык чараларды колдонбоого чакырган.

XS
SM
MD
LG