Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Зордуктоого шектүү спортчу бир айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык соту кечээ зордуктоого шектүү катары кармалган спортчуну бир айга камакка алууга санкция берди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Ош милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аны менен кошо кылмыштуу топтун мүчөсү экени сөз болгон дагы бир адам кармалып, ал эки ай камакта отурмай болду.

Ош шаарында ММА мушкери, 24 жаштагы жигит зордуктоого шектүү катары кармалганы ишемби күнү белгилүү болгон. Анын шериги уюшма кылмыштуу топтун 23 жаштагы мүчөсү экени айтылган.

Алар 25 жаштагы аялдын арызы менен 30-июнга караган түнү колго түшкөн.

Милициянын маалыматына караганда, шектүүлөр буга чейин эс алуучу жайлардын биринде эки адамды сабап, биринин жаагын сындырган, экинчиси жеңил жаракат алган. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү") менен кылмыш иши ачылган. Ага кошумча 129-берене ("Зордуктоо") менен да кылмыш иши козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG