Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Таласта мектеп китепканачысы иштен негизсиз алынганын айтууда


Талас.
Талас.

Талас шаарындагы №6 мектептин китепканачысы иштен мыйзамсыз алынганын айтып “Азаттыкка” кайрылды.

Бул мектепте 2002-жылдан бери иштеп келген Уулкан Насыкулованын айтымында, ал “видеокөзөмөлдөөчү камераны пол жууган кызматкер жакшы тазалай албай жатканын көрүп, союл алып келип, учуна кездеме ороп сүртүп берген, анан ошондон кийин "камера иштебей калды" деп күнөөлөнүүдө".

- Камера оңдогон балдарды чакыртканда алар баары жайында экенин айтышты. Азыр иштеп эле жатат, - деди ал.

Насыкулова кошумчалагандай, аны менен кошо пол жууган кызматкер да жумуштан кетүүгө аргасыз болгон.

Жагдай боюнча мектептин директору Гүлсайра Осмоналиевадан азырынча комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. (AlS)

XS
SM
MD
LG