Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Сурамжылоо: Орусиялык жаштардын 31 пайызы өлкөдөн кетүүнү каалайт


Орусия.
Орусия.

Орусиядан кеткиси келген жаштардын катмары акыркы беш жылдагы эң жогорку чекке жетти. Бул тууралуу Коомдук пикирди иликтөөчү жалпы орусиялык борбордун маалыматында айтылат. Ага ылайык, 18 жаштан 24 жашка чейинки курактагы жаштардын 31 пайызы чет өлкөгө кетүүнү каалай турганын билдиришкен.

Ал эми бардык курактагыларды алып караганда Орусиядан кетүүнү каалагандардын саны 10 пайызды гана түзөт. Бул улуу курактагылардын арасында өлкөдөн кетүүнү каалагандар аз экенин көрсөтөт. Орусиялыктар көчүп баргысы келген өлкөлөрдүн сап башында Германия турат. Бул өлкөгө орусиялыктардын 16 пайызы барууну каалайт. Андан кийинки орунда АКШ, Испания, Канада жана Италия турат.

Буга чейин Орусиядагы "Левада-борбор" жүргүзгөн сурамжылоо ар бир бешинчи москвалык чет өлкөгө барууну каалай турганын көрсөткөн. Ошол эле кезде аймактагылардын ичинен өлкөдөн кетүүнү кааалгандар үч пайызды түзгөн.

Сурамжылоонун жыйынтыгы элдин төрттөн бир бөлүгүндө гана чет элдик паспорту бар экенин, өлкө жарандарынын үчтөн бири гана башка мамлекетте болгонун да көрсөткөн. Эксперттер Орусиядан кетүүнү каалагандар көбүнчө жаштар жана турмушу жакшы жарандар болорун белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG