Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:03

Ирандык дипломат Парижде теракт даярдоого шектелип кармалды


Бельгия. Брюссель шаары.

ВВС кабарлагандай, ирандык дипломат Парижде өтүп жаткан Ирандын каршылык көрсөтүү улуттук кеңешинин жыйынынын катышуучуларына кол салуу даярдоого шектүү катары каралып жатат. Ал Ирандын Венадагы элчилигинин кызматкери.

Ушундай эле шек менен Белгияда иран тектүү эки жаран да кармалып, алардан 500 грамм колго жасалган жардыргыч заттар табылганы кабарланды.

Белгиянын федералдык прокурору иликтөө атайын кызматтардын маалыматынын негизинде жүргөнүн билдирди. Белгиянын бийлиги ирандык дипломатты кармоонун себептери тууралуу толук маалымат берген жок. Анын "камакка алынган кишилер менен байланышы бар" деп шек саналып жатканын айтуу менен чектелди.

Ирандын Австриядагы элчилиги да комментарий бере элек. Ал арада Францияда да шектүү катары кармалган үч кишинин арасында ирандык жаран бар экендиги айтылууда.

Француз бийлиги булардын Белгияда камалгандар менен байланышы бар-жогу иликтенип жатканын жарыялады.

XS
SM
MD
LG