Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 19:41

Жол кырсыгына кабылган автоинспектор боюнча кызматтык териштирүү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.

ИИМге караштуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык 2-июлга караган түнү Жантөшев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Автоинспектор өз машинеси менен башка жол коопсуздук кызматкерлеринин кызматтык автоунаасын сүзгөн деген маалымат бар. Анын мас болгону айтылууда. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы муну четке каккан жок. Бирок кызматтык иликтөө бүткөндөн кийин толук маалымат берилээрин билдирди.

Бул - акыркы эки күндөн бери автоинспекторлор катышкан экинчи кырсык. 1-июлда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда автоинспекторлор кабылган аварияда эне-баланын өмүрү кыйылган. Бир инспекторду кошкондо үч киши оор абалда ооруканага жеткирилген. Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы эки кызматкер Боом капчыгайында кезметин бүтүп, Бишкекке келатканда каршылаш тилкеге чыгып кеткен "машине менен кагылышкан, анын айдоочусу тойдон кайткан жана рулда уктап кеткен болушу мүмкүн” деп кабарлаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG