Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Ош базарында милиция кызматкерине зомбулук көрсөткөн жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык милиция башкармалыгынын басма сөз өкүлү Адыл Оморов кабарлады:

- 30-июнда кечки саат ондор чамасында ыкчам кызматкер патрулдук-күзөт кызматкери менен кошо иш алып барып жатып, бир жарандын документин текшерип калат. Ошол учурда алар жарандын баштыгынан белгисиз маркадагы тапанчаны көрүп калышат. Ал эмне тапанча экенин аныктоону аракет кылган бийлик өкүлдөрүнө жаран зомбулук көрсөтүп, качып кетүүгө аракет кылган.

Натыйжада милиция кызматкеринин кийими айрылган. Окуядан кийин Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу жетип барып, жаранды кармаган. Анын жанындагы курал калибри 4,5 миллиметрлик пневматикалык тапанча болуп чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси менен ("Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү") кылмыш иши козголгон. (KR)

XS
SM
MD
LG