Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Ысык-Атада автоунаа жолун сел каптады


Красная Речка айылы менен "Ысык-Ата" курортунун ортосундагы жолду каптаган сел.
Красная Речка айылы менен "Ысык-Ата" курортунун ортосундагы жолду каптаган сел.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда унаа жолду сел каптады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, саат 02:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Красная Речка айылын "Ысык-Ата" курорту менен байланыштырып туруучу унаа жолунун 40 чакырымында эки жеринен шагыл аралашкан сел жүргөн.

Окуя болгон жерде азыр 1 фронталдык жүктөгүч, 1 грейдер тазалоо иштерин жүргүзүп жатат, жол бир тарапка ачык.

XS
SM
MD
LG