Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:46

Жогорку сот: сотторго ишеним көбөйө түштү

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот тармагынын ишмердигине байланыштуу журналисттерге маалымат берүүдө.
Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот тармагынын ишмердигине байланыштуу журналисттерге маалымат берүүдө.

2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жарандардын жана юридикалык жактардын сотко кайрылган учурлары кыйла көбөйүп, алар өз укуктарын коргоодо сот органдарын тандап жатышат.

Ал эми биринчи инстанциядагы соттор чыгарган соттук актылардын 89 пайызы мыйзамдуу күчүндө турат. Демек бул көрсөткүч чыгарылган соттук актылар менен тараптар макул экенин айгинелейт жана сотторго болгон ишенимдин көрсөткүчү болуп эсептелет. Бул тууралуу Жогорку сот тараткан билдирүүдө айтылат.

Билдирүүдө былтыр 2016-жылга салыштырмалуу сотко кайрылгандардын саны 12,2 пайызга көбөйгөнү жана биринчи инстанциядагы соттордун иши нормативде белгиленген көлөмдөн үч-төрт эсеге көп экени айтылат.

Бүгүн Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот тармагынын ишмердигине байланыштуу журналисттерге маалымат берүүдө. (EBM/KR)

XS
SM
MD
LG