Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:17

Жээнбеков: Мыкты бүтүрүүчүлөр арасында бардык аймак өкүлдөрү көбөйгөнү кубантат


Сооронбай Жээнбеков алдыңкы бүтүрүүчүлөр менен.
Сооронбай Жээнбеков алдыңкы бүтүрүүчүлөр менен.

Мурдагы жылдарга караганда алдыңкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында өлкөнүн бардык аймактарынан өкүлдөр көбөйгөнү жана алардын тестирлөөдө алган орточо баллынын жогорулашы кубантат. Мындай пикирин бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков быйылкы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтынында эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктоо аземинде айтты.

Президент билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын эң башкы принциби — сапаттуу жана үзгүлтүксүз билим берүү системасын түзүү экенин белгиледи.

Ар бир бүтүрүүчүгө “Алтын сертификат”, акчалай сыйлык жана ноутбук тапшырылды.

Бул жылы «Алтын сертификатка» Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мекемелеринин 59 бүтүрүүчүсү татыды. Быйылкы тестирлөөдө эң жогорку балл 237 болду. (RK)

XS
SM
MD
LG