Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:11

Бабанов Жээнбековго уулу үчүн рахмат айтты


Сүрөт "Sputnik.kg" сайтыныкы.

Экс-премьер-министр, «Республика» саясий партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго рахмат айтты.

Бүгүн ал "Фейсбуктагы" жеке баракчасына уулу Нурэмирге “Алтын сертификат” тапшырып жаткан президент Сооронбай Жээнбековдун видеосун жарыялап, “Баламдын ийгилиги менен куттуктап, жакшы каалоо айтканыңызга терең ыраазымын!” деп жазды.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн быйылкы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктап, аларга “Алтын сертификат” тапшырды.

2017-жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөн. Анда жеңип чыккан Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы Өмүрбек Бабанов болгон. Коомдук биринчи каналдагы теледебат учурунда алар эл алдында кайым айтышып, Жээнбеков Бабановго "Президент болсом коррупция менен күрөштү сенден баштайм” деп айтканы коомчулукта катуу талкуу жараткан.

Быйыл «Алтын сертификатка» Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мекемелеринин 59 бүтүрүүчүсү татыды. Быйылкы тестирлөөдө эң жогорку балл 237 болду.

Бабановдун уулу Нурэмир Бишкектеги №61 гимназияны артыкчылык менен бүтүрдү. Бүгүн “Алтын сертификат” тапшырып жатып Жээнбеков аны бетинен өөп, жылуу куттуктаганы учурда Интернетте тараган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG