Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Кочкордун тургундары президентке коррупция туурасында кайрылышты


Кочкор өрөөнү.
Кочкор өрөөнү.

Бүгүн президенттин аппаратына Кочкор районунун тургундарынын атынан кайрылуу кат келип түшкөн. Кайрылууда Кочкор эли президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөш боюнча аракеттерин колдой турганы, бирок ал күрөш тандалма түрдө жүрүп жатканы айтылган.

Кайрылууда авторлор Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаковдун иши боюнча калыстыкты күтөрү айтылат.

"Биздин баамыбызда коррупция менен күрөшүү өйдөкү жактагы кайсы бир кызматкерлердин буйругунун негизинде жеке, кээ бир гана адамдар үчүн иштеп, башкалар үчүн иштебей жаткандыгы өкүндүрөт. 27 жыл ичинде желип келген эл байлыгы үчүн бир гана инсанды күнөөлүү кылуу оңтойлуу иш. Шайлоо учурунда Кочкор эли Сапар уулун жана башка уул-кыздарын колдоого алгандыгынын жыйынтыгында, сизге тийиштүү добушту алып берди. Биз ал шайлоодо уулдарыбыз-кыздарыбыз үчүн тик туруп бергенбиз. Бүгүн да алар үчүн адилетсиз, акыйкатсыз иш болсо тик туруп берүүгө даярбыз," - деп жазылган кайрылууда.

Быйыл апрелде премьер-министрликтен кеткен Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) чууга байланышы бар кишилердин бири катары камакка алынган. Азыр ал КСДПнын төрагасынын орун басары.

XS
SM
MD
LG