Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:46

Киев Путиндин аскер бөлүктөрү боюнча буйругун “тарыхты уурдоо” деп баалады


Генерал Виктор Муженко.
Генерал Виктор Муженко.

Украинанын башкы штабынын башчысы, генерал Виктор Муженко Орусия президенти Владимир Путиндин бир канча аскер бөлүгүнө Украинадагы, Беларустагы жана Польшадагы шаарлардын аттарын ыйгарганын сынга алды. Путин 2-июлда Орусиянын куралдуу күчтөрүндөгү бир катар полкторго жана дивизияларга Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда даңкы чыккан шаарлардын аттарын берген жарлыккка кол койгон.

Украинанын башкы штабынын башчысы, генерал Виктор Муженко Путиндин жарлыгын “башка элдин жерлерине көз артуу” деп баалады.

“Бул чечими менен орус тили илгерки адатын – башка элдин тарыхын жана даңкын уурдоону улантууда. Бул дүйнөгө жана бизге агрессор Донбасс жана Крым менен эле токтолуп калбасын көрсөткөн ачык белги” деп жазды ал "Фейсбуктагы" баракчасына.

Путиндин буйругунда 6-танктык полкко "Львов гвардиялык", 68-бөлүккө "Житомир-Берлиндик гвардиялык" деген аттар ыйгарылган. Ошондой эле орус аскер бөлүктөрү Беларустун шаарлары - Витебск, Кобрин жана Слонимдин аттарын алган. Булардан тышкары, дагы бир полкко "Варшавалык гвардиялык" деген ат берилген. Жарлыкта бул аттар “даңктуу аскердик тарыхый салтты сактап калуу, аскер адамдарын Ата Мекенге жана аскердик ыйык милдетке берилгендикте тарбиялоо үчүн” ыйгарылганы айтылат.

Расмий Минск менен Варшава азырынча бул боюнча пикирлерин билдирише элек.

Орусия Крымды 2014-жылы украин мыйзамдарына каршы өткөн референдум аркылуу аннексиялап алган. Ошондон кийин жарым аралды орусиялык аскерлер көзөмөлгө алган. Батыш мамлекеттери муну эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу деп эсептейт.

Европа Биримдиги, АКШ жана башка мамлекеттер Орусиянын Крымды аннексиялап алганына жана 10 миңдей адам өлгөн Украинанын чыгышындагы согуштагы ролуна байланыштуу санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG