Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Өкмөт жогорку окуу жайларына 5705 гранттык орун бөлдү


Кыргыз-Орус (Славян) университети. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-Орус (Славян) университети. Архивдик сүрөт.

Кыргыз өкмөтү 2018-2019-окуу жылы үчүн жогорку окуу жайларына 5705 гранттык орун бөлдү. Анын ичинен 4903 орун Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жогорку окуу жайларына тиешелүү. Калган гранттык орундар башка мамлекеттик органдар тарабынан алардын кайсы кадрларга муктаждыгын талдоо менен каржыланат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, учурда өнөр-жай, курулуш, айыл чарба, транспорт жана байланыш, тейлөө, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагы кадрларга өтө муктаж.

Ошондуктан гранттык орундарды бөлүштүрүүдө бул тармактарда адистерди даярдоо зарылдыгы эске алынды. Мындан тышкары, «Таза Коом» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу компьютердик технология багытындагы адистиктер үчүн гранттык орундардын саны көбөйтүлөт. (NT)

XS
SM
MD
LG