Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Астанада полиция ачкачылык жарыялаган үлүшчүлөрдү кармап кетти


Астанадагы акциянын катышуучулары. 3-июль, 2018-жыл.
Астанадагы акциянын катышуучулары. 3-июль, 2018-жыл.

3-июлда Астана полициясы шаардагы «Комсомольский» турак-жай комплексинин курулушун бүткөрүүнү талап кылып акцияга чыккан бир нече үлүшчүнү кармап кетти.

Комплекстин курулушуна акча берип койгон үлүшчүлөр курулуш компаниясынын аракеттерине нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялашты.

Үлүшчүлөрдүн акциясы башталганына бир саат боло электе полиция менен прокуратура кызматкерлери келди. Астананын Есил райондук прокуратурасынын орун басары Сергей Смолин чогулгандарга алардын бул аракети «уруксат берилбеген акция экенин» эскертип, андан соң үлүшчүлөр кармалганын "Азаттыктын" казак кызматы жазып чыкты. Чогулгандар полициянын аракетин "мыйзамсыз" деп эсептей турганын айтышты.

Акцияга чыккандар «Турак жай алиппеси» компаниясынын жетекчилигине алданып калышканын буга чейин бир канча жолу билдиришкен. 2016-жылы аталган компаниянын жетекчилери акча уурдоого айыпталып камалган.

XS
SM
MD
LG