Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Жолдубаева: КСДП жеке кызыкчылык үчүн “жармашып” жүргөндөрдөн тазаланууда


КСДПнын желеги.
КСДПнын желеги.

"Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) жеке кызыкчылык жана кызмат үчүн “жармашып” келгендерден тазалануунун татаал этабын башынан өткөрүп жатат" деп билдирди бүгүн “Азаттыкка” партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева.

“КСДПнын кезексиз жыйынын чакыруу тууралуу жазуу да, оозеки да чечим же реалдуу кадамдар жасалган жери жок. Легитимдүү курултай өткөрүш үчүн төраганын жана партиянын борбордук органынын чечими керек. Райондук жыйындарды партиянын район боюнча куратору чакырат. "Облустук координатор" деген кызмат бир нече жыл мурда жоюлган. Уставга ылайык, башка иш-чаралардын баары конференция деп атала албайт жана "партиянын айрым мүчөлөрүнүн жыйыны" деген макамга ээ” деп билдирди Жолдубаева.

3-июлда Интернетке өзүн КСДПнын мүчөсү деп эсептеген Сагынбек Абдрахмановдун интервьюсу жарыяланды. Анда ал КСДП партиясынын ишин Алмазбек Атамбаевсиз улантуу демилгеси көтөрүлүп жатканын айтты.

“КСДП Атамбаевсиз!” ураанын даярдап, чыкканы жатабыз. Райондук конференцияларды уюштуруп, кезексиз курултай чакыруу боюнча облустук конференция өтөт, ошондо резолюция кабыл алабыз. Бизди эски партиялаштар, жаштар туура көрүп жатышат. Ыдырабай, ынтымактуу болуп, партиянын уставын түшүнсөк күчүбүз жетет” деди ал.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев - КСДПнын лидери.

Былтыр 11-августта "КСДПдан чыгарылды" деген Сагынбек Абдрахманов менен Ренат Самудинов "биздин партиябызды контрреволюционерлер менен миллионерлер, мурдагы диктаторлордун чиновниктери менен кошоматчылар басып алды" деп билдиришкен болчу. Самудинов кийин АКШга чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG