Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Манастын күмбөзүндөгү кызматкер ур-токмокко кабылганын айтып чыкты


«Манас ордо» улуттук комплекси.
«Манас ордо» улуттук комплекси.

Таластагы «Манас ордо» улуттук комплексинин кызматкери жетекчинин ур-токмогуна кабылганын айтып бүгүн «Азаттыкка» кайрылды.

Даир Сыдыков тарыхый жайдын жетекчисинин орун басары Марат Раишов менен чатакташа кетип, ал аны уруп койгонун айтууда:

- 30-июнда күмбөздүн сыртындагы отургучтарды сырдап жатканбыз. Анан орун басар келип: «Эмнеге кечээ бүтүргөн жоксуңар? Эки молдо бири-бириңе эрегишип жүрө бердиңер да» деп оозго алгыс сөздөрдү айтты. Бул менин милдетим эмес экенин айттым. Анан чатакташа кеттик. Ал мени моюнуман кыкынта баштады. Эптеп бошонуп эле качтым. Кармап алып мурунга урду. Азыр мурдум сынып, көзүмдүн ылдый жагы айрылып кетиптир, тиктирдим.

Жабыркаган кызматкер азыр Чолпон Мамбетов атындагы облустук оорукананын травматология бөлүмүндө жатканы белгилүү болду.

Ал эми Марат Раишов кызматкерге кол көтөрбөгөнүн айтып жатат.

- Мен аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөшүм керек. Ал жумушту мурунку күнү тапшырылганына карабай бүтүрбөптүр. Анан экөөбүз бир сыйра айтыша кеттик. Өзү отургучка чалынып жыгылган. Ага эч кандай кол тийген эмес.

Окуяга байланыштуу милицияга арыз жазылды. Бирок азырынча ички иштер мекемесинен комментарий алуу мүмкүн болбой жатат. (AlS)

XS
SM
MD
LG