Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Сириядагы урушта Багдадинин баласы мерт болду


Абу Бакр ал-Багдади. 2014-жылы тартылган сүрөт.
Абу Бакр ал-Багдади. 2014-жылы тартылган сүрөт.

Бул тууралуу “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна байланышы бар "Amaq" жаңылыктар агенттиги 3-июлда жарыялады.

Анын маалыматына караганда, топтун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин уулу Сириянын Хомс провинциясындагы уруштарда мерт болду.

"Amaq" агенттигинин билдирүүсүндө Хадхаяфа ал-Бадр “Хомстун жылуулук электр станциясында Нассарияга жана Орусияга каршы операция учурунда” мерт болгону айтылат.

"Нассария" деп “Ислам мамлекети” тобу адатта Сириянын президент Башар Асад өкүлү болгон алавит диний азчылыгын атайт.

Сирия менен Орусиянын өкмөттүк күчтөрүнүн, АКШ колдогон Сирия демократиялык күчтөрүнүн былтыркы аскердик операцияларынан кийин “Ислам мамлекети” тобу азыр Сириянын үч пайыздан бир аз ашкан аймагын көзөмөлдөйт.

АКШ менен Ирактын бийлик өкүлдөрү "бул топтун лидери Абу Бакр ал-Багдади али тирүү жана Сириянын Ирак менен чектеш аймактарында жашырынып жүрөт" деп боолголошууда.

АКШ буга дейре аны кармалышына алып барган маалымат үчүн 25 миллион доллардык сыйлык жарыялаган.

Маалыматтар боюнча түбү Ирактан чыккан ал-Багдадинин биринчи аялынан төрт баласы, экинчисинен бир уулу бар.

Акыркы ирет былтыр сентябрда "ал-Багдадиники" деген акыркы аудио кайрылууда ал дүйнөдөгү тарапташтарын душмандарга “каршылык” көргөзүүгө чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG