Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Украина менен Сербия кызматташа турган болду


Президенттер Петро Порошенко жана Александр Вучич. Белград, 3-июль, 2018-жыл.
Президенттер Петро Порошенко жана Александр Вучич. Белград, 3-июль, 2018-жыл.

Расмий Киев жана Белград Орусия боюнча пикир келишпестиктерине карабай кызматташа турганын жарыялашты.

Украин президенти Петро Порошенко Орусиянын Балкан аймагындагы башкы өнөктөшү Сербия менен карым-катышты калыбына келтирүүнү көздөгөн иш сапарында Белградда серб президенти Александр Вучич менен жолукту.

Андан кийин тараптар бири-биринин аймактык бүтүндүгүн урматтай турганын, ошондой эле Евробиримдикке кошулуу аракеттеринде бири-бирине жардам беришерин билдиришти.

Былтыр эле Киев Белградды Украинанын чыгышындагы жикчилер тарабында күрөшүү үчүн Сербиядан келип жаткан “ыктырчыларга” каршы жетиштүү чара көрбөгөнү үчүн айыптаган.

Москванын өнөктөшү катары Сербия Крымдын аннексиясынан кийинки Батыштын Орусияга каршы санкцияларына кошулган эмес.

Бирок Белграддагы сүйлөшүүлөрдө Сербия тарап Орусиянын жер ээлөөсүн мыйзамдуу деп тааныбаганын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG