Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Балыкчы-Корумду жолунун курулушу боюнча кылмыш иши козголду


Балыкчы-Корумду жолунун курулушунан тартылган сүрөт. 28-июль, 2016-жыл.
Балыкчы-Корумду жолунун курулушунан тартылган сүрөт. 28-июль, 2016-жыл.

Балыкчы-Корумду автоунаа жолунун курулушуна байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматта атайын кызмат менен бирге жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында Жол чарба департаментинде Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду автоунаа жолун реконструкциялаш үчүн консультанттарды тартууда бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталганы айтылат. Тагыраагы – 2015-жылдын 17-декабрында аталган департамент консалтинг кызматын көрсөтүүчү компаниялардын бири менен түзгөн келишим “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” мыйзамды бузуу жана баасын 16 миллион сомго ашыкча көрсөтүү менен кабыл алынган.

Башкы прокуратура мамлекетке ири суммада зыян келтирилгенин белгилеп, Кылмыш-жаза кодексинин 166, 304 и 306-беренелеринин ("Алдамчылык", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы келген сатып алуу") негизинде иш козгоду. Кылмыш иш тергөөгө жөнөтүлдү.

Ысык-Көлдүн боюндагы автоунаа жолу оңдоло баштаганына бир топ жыл болду, бирок ал соңуна чыга элек. Курулушту кытайлык “Лонг Хай” компаниясы жүргүзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG