3-июлда камакка алынган Нажиб Разакты бүгүн борбор Куала-Лумпурдун соту улуттук акча менен бир миллион ринггит же 250 000 доллар күрөө менен бошотту.
Ошону менен катар сот мурдагы өкмөт башчыны эки дипломатиялык паспортун мамлекетке кайтарып берүүгө милдеттендирди.
Нажиб Разак өзү бүгүнкү соттук жыйында “күнөөсүз” экенин алдыдагы соттук жараянда далилдей турганын айтып, ага коррупция боюнча коюлуп жаткан айыптарды мойнуна алган жок.
Мурдагы өкмөт башчы 3-июлда камакка алынганы белгилүү болгон. Бул иш "Малайзиянын Өнүгүү боюнча өкмөттүк компаниясынан (Malaysia Development Berhad - MDB) улуттук акча менен 42 миллиард ринггит же 10,6 миллиард доллар каражат 2015-жылы ар кандай ортомчу компанияларды колдонуу аркылуу премьердин жеке банк эсептерине которулган" деген шек саноо менен байланыштуу экени кабарланган.
Малайзиянын премьер-министринин кызматында 2009-жылдан бери турган Нажиб Разак быйыл май айында партиясы анын мурдагы насаатчысы, 1981-2003-жылдары премьер болгон Махатхир Мохамад баштаган коалицияга утулгандан кийин бийликтен кетүүгө аргасыз болгон.
Андан бери полиция Нажибдин өзүн эле эмес, аялын да суракка алып, алардын үй-бүлөсүнө тиешеси бар экени айтылган турак жайларды тинтүү учурунда алынган кымбат баалуу буюм-тайымдардын акчалай наркы 273 миллион долларга баалаганы жарыяланган. (UE)