Польшада ушул шаршембиден тартып өлкөнүн сот системасын реформалоо боюнча жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы кызматтан кетиши керек эле.
Бирок 65 жаштагы Малгожата Герсдорф жаңы мыйзамга баш ийбей ишке чыгышын ал Конституцияга каршы келери менен түшүндүрдү жана кызматта 2020-жылга чейин калышы керек экенин белгиледи.
Бийликтеги “Укук жана адилеттүүлүк” партиясы колдогон мыйзам боюнча Жогорку соттун судьяларынын үчтөн бир бөлүгү кызматтарынан кетиши керек эле.
Польшанын оппозициясы башкаруучу партияны "сот системасын көзөмөлдөөгө умтулуп жатат" деп айыптоодо. Борбор Варшавада да кечээ жана бүгүн бийликтеги партиянын сясатына каршы демонстрациялар өтүп жатат. Польшанын жаңы мыйзамын Евробиримдик да сынга алды.
Өлкөнүн оңчул өкмөтү болсо реформа сот системасын кайра түзүү жана коррупцияга каршы күрөш үчүн зарыл деп эсептейт. (UE)