Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:18

Сот: Исаковдун адвокатына УКМК тергөөчүлөрү иш кагаздарынын көчүрмөсүн бербей кое алат


Адвокат Нурбек Токтакунов.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун арызы каралды. Токтакунов УКМКнын тергөөчүлөрү ага иш кагаздарынын көчүрмөсүн бербей жатканы тууралуу арызданып, сотко кайрылган.

Соттон кийин Исаковдун жактоочусу анын чечими жөнүндө айтып берди:

- Бүгүн Биринчи май райондук сотунун судьясы Эрнис Айбек уулу "тергөөчүлөр адвокаттарга иштин материалдарынын көчүрмөсүн бербей коюуга укуктуу" деп бүтүм чыгарды. Соттун айтымында, көчүрмөлөрдү алыш үчүн андай талап менен айыпталуучу өзү кайрылышы керек экен. Судья Эрнис Айбек уулу саясий буйруктарды аткарган сот экенин дагы бир ирет тастыктады.

Адвокат "жактоочу болуунун өзү айыпталуучунун кызыкчылыгын коргоону түшүндүрөт" деп нааразы болду.

Быйыл апрелде премьер-министрликтен кеткен Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) чууга байланышы бар кишилердин бири катары камакка алынган. Азыр ал КСДПнын төрагасынын орун басары. (KR)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG