Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Тоңдо «Тескей Жээк» этнофестивалы өтөт

Этнофестивалдар чет элдик туристтердин кызыгуусун жаратып келет.
Этнофестивалдар чет элдик туристтердин кызыгуусун жаратып келет.

Ысык-Көл облусунун Тоң айылында кезектеги этнофестивалга даярдык жүрүп жатат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, этномаданий туризмди жана көчмөндөр цивилизациясынын салттарын улантуу максатын көздөгөн бул иш-чара 15-июлда өтөт.

«Тескей Жээк» фестивалына келгендерге түрдүү улуттук ат оюндары тартууланып, «Салбуурун» көрсөтүлөт, кол өнөрчүлүк боюнча ар кандай мастер-класстар уюштурулат.

«Кут» үй-бүлөлүк ансамбли концерт тартуулап, чогулгандар баары биригип кара жорго бийлешет. (RK)

XS
SM
MD
LG