Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Трамп-Путин саммитине эксперттик деңгээлде даярдык жүрүп жатат


Президенттер Путин жана Трамп APEC уюмунун Вьетнамдагы саммитинде. 11-ноябрь, 2017-жыл.
Президенттер Путин жана Трамп APEC уюмунун Вьетнамдагы саммитинде. 11-ноябрь, 2017-жыл.

АКШ менен Орусиянын президенттеринин жолугушуусуна эксперттик деңгээлде даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди:

- Эксперттик деңгээлде даярдык уланып жатат. Алдын-ала айтканга эрте, бирок биздин Кошмо Штаттар менен мамилебизге көлөкө түшүргөн бардык маселелер боюнча ачык сүйлөшүүнү күтүп жатабыз.

Сергей Лавров кошумчалагандай, ал жана АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путиндин 16-июлга Хельсинкиге белгиленген саммитинен кийин жолугушмакчы.

Мунун алдында кечээ Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Путин адегенде АКШнын президенти Трамп менен көзмө-көз сүйлөшүүгө даяр экенин айткан.

Трамп өзү мурдараак Путин менен “Украинаны, Сирияны, шайлоолорду, дүйнөлүк окуяларды, тынчтыкты” талкуулай турганын белгилеген.

АКШ президентинин бул сөздөрүнөн кийин Ак үй Крымдын 2014-жылдагы аннексиясын Вашингтон мурдагыдай эле тааныбай турганын жана Орусияга буга байланыштуу киргизилген экономикалык санкциялар күчүндө кала берерин билдирген.

Хельсинкидеги жолугушуу Дональд Трамп келгенден бери АКШ менен Орусиянын лидерлеринин алгачкы эки тараптуу саммити болот. (UE)

XS
SM
MD
LG