Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Ооганстан менен чек арада 20дан ашык түркмөн жоокери окко учканы кабарланды


Ооганстан менен Тажикстандын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстан менен Тажикстандын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы окуя үч жума мурун Ооганстандын Бадгис провинциясы менен Түркмөнстандын Мары облусу чектешкен тилкеде болгонун жазып чыкты.

Маалыматка караганда, аскерлердин сөөгү металлдан жасалган табытка салынып, туугандарына берилген. Редакция маркумдардын аты-жөнү тууралуу да маалымат бар экенин, бирок аны коопсуздук үчүн жарыялабай эле коюуну туура көргөнүн билдирди.

Кагылышууга баңгизат аткезчилери түрткү болгону, куралдуу кишилер түркмөн аскерлерине чабуул коюп, атышуу 6 саатка созулганы, натыйжада ондогон жоокер жаракат алып, 25ке жакыны өлгөнү маалымдалды.

Түркмөнстандын Коопсуздук кызматы маркумдардын жакындарына “окуя тууралуу ооз ачпоону” эскерткени да айтылды.

Түркмөн-ооган чек арасындагы ок атышуу тууралуу эки өлкө тең расмий билдирүү тараткан жок.

“Азаттыктын” түркмөн сайтында чыккан материалдан кийин өкмөттүк "Turkmenportal" агенттиги бул окуяны четке каккан маалымат жарыялады.

XS
SM
MD
LG