Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Лейлекте май куюучу жайдагы өрттө төрт киши жараат алып, тогуз машине өрттөндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткендин Лейлек районундагы май куюучу станциядагы өрттөн төрт киши жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, алардын бири Кыргызстандын, калганы Тажикстандын жарандары.

Лейлек районундагы Тажикстан менен чектеш аймакка жакын жайгашкан станциялардын биринде өрт 4-июлда саат болжол менен 20.30да чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тилсиз жоо эки сааттан кийин чектөөгө алынып, 5-июлда таңкы саат 5 жарымга жакын толук өчүрүлгөнүн кабарлады.

Өрттү өчүрүүгө Кыргызстан тараптан бир, Тажикстандан үч бөлүм тартылган. Май куючу станция толугу менен күйүп кеткен.

4 фура, 2 газ ташуучу автоунаа, 2 спринтер, 1 жеңил машине да өрттөнүп кетти. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Өрттүн эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG