Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 03:27

Чувашиядагы жол кырсыгынан үч кыргызстандык каза болду


Кыргызстан. Таластагы жол кырсыгы. 2-июль, 2018-жыл. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Орусиянын Чуваш Республикасында 4-июлда болгон жол кырсыгынан каза болгондор кыргызстандыктар болуп чыкты. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ырастагандай, кырсыкка кабылган беш киши тең Кыргызстандын жарандары. Алардын үчөө каза болуп, экөө ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилген.

Курмандыктардын арасында беш жана алты жаштагы эки бала бар. Орус басылмалары кечээ Чувашияда жеңил машине менен жүк ташыган автоунаа кагылышканын жазып чыккан. Кырсык Чуваш Республикасынын Козлов районунда, "Волга" трассасынын 725-чакырымында болгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG