"Кыргызстанда күндүн кескин ысышынан улам жылан көбөйө баштады" деген кабар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынын өкүлү Элмира Шерипова билдирди:
- Азыр кыргызстандыктар арасында айрыкча "WhatsАpp" аркылуу “аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу жыландар көп чыга баштады, абайлагыла” деген кабар көп пайда болуп жатат. Бул чындыкка дал келбейт. ӨКМ мындай маалымат тараткан эмес.
Синоптиктер жакынкы күндөрү, 7-9-июлда Кыргызстанда күн абдан ысып, көпчүлүк аймактарда 40 градуска жетерин эскерткен.
ӨКМ "учурда эл арасында мурда көрүнбөгөн, узундугу 1-4 метрге жеткен жыландар чыгып жатканы тууралуу маалымат тарап жатат" деп билдирди. (RK)