Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

АКШ мамлекеттик катчысы Пхеньянга жол тартты


Майк Помпео Ким Чен Ын менен алгачкы сапарында жолуккан учур.
Майк Помпео Ким Чен Ын менен алгачкы сапарында жолуккан учур.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бүгүн таңда Пхеньянга бет алды.

Бир жумалык иш сапарында америкалык башкы дипломат андан тышкары Токиого, Ханойго, Абу-Дабиге жана Брюсселге да бармакчы.

Вашингтон Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу жараянынын жол картасы боюнча келишимге жетишүүгө үмүттөнүүдө. Помпео Пхеньянда бир жарым күн болот.

Америкалык мамкатчы жыл башынан бери Түндүк Кореяга ушуну менен үчүнчү ирет барышы.

Быйыл 12-июнда Сингапурда “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммитте АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери Трамп менен Ким кол койгон документте Вашингтон“коопсуздук кепилдиктерин”, ал эми Пхеньян “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууга” убада берген.

Вашинтон Пхеньяндан өзөктүк куралдан “толук, текшерилген жана кайра кайткыс жол менен” арылууну талап кылуу менен бул багытта реалдуу кадамдар жасалмайынча Түндүк Кореяга каршы киргизилген экономикалык санкциялар күчүндө кала берерин билдирип келе жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG