Казакстандын борбору Астананын 20 жылдык салтанатына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышат. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Жээнбеков Астанага бүгүн эртең менен жөнөп кетти.
Өз сапарында ал Астанадагы эл аралык финансы борборуна да барат. Борбордун ачылышы 5-июлда болгон.
Казакстанда Астананын күнү 6-июлда майрамдалат. Бүгүн 78 жашка чыккан президент Нурсултан Назарбаевдин да туулган күнү. (NT)