Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:11

"Айкөл Ала-Тоо" президенттен Конгантиевди жоопко тартууну талап кылды


Камчыбек Ташиев, Сооронбай Жээнбеков жана Молдомуса Конгантиев.
Камчыбек Ташиев, Сооронбай Жээнбеков жана Молдомуса Конгантиев.

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмеси мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш ишинин кыскарышына нааразылык билдирип, аны жоопко тартууну талап кылып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Уюмдун төрагасынын орун басары Талгат Кудайбергенов "Азаттыкка" билдиргендей, апрель окуясынын катышуучулары Конгантиевдин ишинин жабылышы "Бакиевдерди актоого алып барат" деп баалап жатат.

Ошондой эле алар Конгантиевдин кылмыш иши эч кандай соту жок эле күтүлбөгөн жерден кыскартылып калганына тынчсыздануу билдиришкен.

УКМК "коюлган айып негизсиз, кылмыш курамы жок” деген жүйө менен Конгантиевге карата козголгон кылмыш ишин сотко жеткирбей эле кыскартканын 5-июлда анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирген. Кылмыш ишин Башкы прокуратура 2010-жылы козгоп, "Конгантиев ошол жылдын 6-апрелинде басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзү менен 7-апрелде Таласта элге курал колдонууга себепчи болгон" деп айып койгон. Бирок ал ошол күнү өзү катуу таяк жеп, ден соолугуна залака тийгендиктен тергөө убактылуу токтоп турган.

Конгантиев 2010-жылдагы кандуу окуялардан кийин саясатта, коомдук иштерде көрүнбөй калган. Кыргызстандыктар аны былтыр күздө президенттик шайлоонун алдында Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунда шайлоочулар менен жолугушуп жүргөндө көрүшкөн. ​(NT)

XS
SM
MD
LG