Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:00

Чөнтөк телефондорду каттоо эрежесин катаалдатуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда чөнтөк телефондорду каттоо эрежесин катаалдатуу боюнча демилге көтөрулдү. Ага багытталган өзгөртүүлөрдү камтыган токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, токтом долбоорунда өлкөгө алынып келген жана учурда колдонулуп жаткан телефондордун IMEI-коддорун каттоого алуунун реестерин тартипке салуу каралган.

Мындай жобо өлкөгө контрафакттык жол менен чөнтөк телефондорду киргизүүнү азайтып жана бул тармакта алдамчылык фактыларынын алдын алууга өбөлгө болорун Маалыматтык технологиялар боюнча комитет билдирүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG