Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:31

Ала-Букада салык кызматкерлерине иш козголду


Ала-Бука району.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) Ала-Бука районунда салык кызматкерлери өз кызматынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныктады. Бул тууралуу маалымат мекеменин өзүнөн алынды.

Бул маалыматка ылайык, Ала-Бука районунун салык бөлүмүнүн кызматкерлери райондогу ишканалардын биринин салыгын төмөндөтүп келгени аныкталды.

Бул окуя боюнча райондук салык кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин “Менчиктештирүү, салыктык, бажы же лицензия ишин жүзөгө ашырууда кызмат абалынан мыйзамсыз пайдалануу” беренеси менен иш козголуп, тергөө башталды.

Буга чейин Финполиция быйыл өлкө боюнча салыктык кылмыштарга бөгөт коюу максатында 235 текшерүү жүрүп, 1 миллиард 332 миллион сомдук салык төлөнбөй калганы аныкталганын кабарлаган. Анын 839 миллион сому казынага кайтарылган.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG