Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Польша быйыл 75 советтик эстеликти алып салышы ыктымал


Советтик генерал Иван Черняховскийдин эстелиги алынып жатат. Польша, 17-сентябрь, 2015-жыл.
Советтик генерал Иван Черняховскийдин эстелиги алынып жатат. Польша, 17-сентябрь, 2015-жыл.

Польшанын Улуттук эскерүү институту быйыл Кызыл Армияга, советтик партизандарга жана аскер туткундарына байланыштуу 75 эстеликти алып салууну сунуш кылып өкмөткө кайрылды. Бул тууралуу «Коммерсантъ» басылмасы кабарлап, "алынууга тийиш" деп чечилген эстеликтердин тизмесин жарыялады.

Советтик аскерлерге ыраазылыкты туюндурган эстеликтер Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин борбор Варшава баштаган ири шаарларда тургузулган.

Былтыр Польшада имарат, объектилердеги коммунизмге же башка тоталитардык түзүлүшкө үгүттөгөн аталыштарга тыюу салган мыйзамдык өзгөртүү күчүнө кирген. Мыйзамда советтик доордогу эстеликтерди алып салуу жагы да каралган. Түрдүү маалыматтарга караганда Польшанын аймагында 469 советтик эстелик бар. Алардын 250сү Кызыл Армияга арналган.

Польша Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Советтер Союзунун таасиринде калган. СССР тарагандан кийин анын мурастарынан арылууну баштаган.

XS
SM
MD
LG