Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Майрам күнү Алматыда эки киши кармалды


Полиция кармап бараткан адам. 6-июль, 2017-жыл.

Ушул күндөрү Казакстандын Астана менен Алматы шаарларында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 6-июлда борбор Астананын негизделгендигинин 20 жылдыгы белгиленип, ага Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери да катышты. Бул күнү казак президенти Нурсултан Назарбаевдин да туулган күнү. Ал 78ге чыкты.

Эки шаарда тең маараке өтө турган аймактар тосмолонгон.

Ал тапта жума күнү кечке жуук Алматыда бир кишини полиция кармап, атайын унаа менен алып кетишкенин “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Ал киши эмне үчүн кармалганын билбей турганын айтканга үлгүргөн.

Алматы шаардык ички иштер департаменти ал адам ким экенин жана эмне үчүн кармалганын айтуудан баш тартты. Андан көп узабай дагы бир адам кармалган.

Буга чейин оппозициячыл саясатчы, чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Мухтар Аблязов социалдык сайттар аркылуу элди 6-июлда нааразылык акцияларына чыгууга чакырган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG