Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Таиланд: машыктыруучу үңкүрдө камалган балдардын ата-энелерине кат жөнөттү


Таиландда балдар менен үңкүрдө калган машыктыруучу суучул аркылуу ата-энелерге кат жөнөттү. Бул тууралуу Франс-пресс агенттиги жазды. “Моралдык жактан колдоо көрсөтүп турганыңыздарга рахмат. Мен бардык ата-энелерден кечирим сурайм”, - деп жазылган катта.

23-июнда Чианг-Рай провинциясында жергиликтүү футбол клубунда ойногон 11-16 жаштагы 12 өспүрүм үңкүргө машыктыруучусу менен кирген бойдон дайынсыз жоголгон.

Он күндөн кийин аларды британиялык суучулдар таап, видеокамерага тартып чыгышкан. Балдар ушул тапта үңкүрдүн оозунан үч чакырым ичкери жердеги коңулда турушат. Куткаруучулар камоодо калгандарды бир канча ай бою тамак-аш, кийим-кече, жылыткыч жана байланыш менен камсыз кылып туруунун камын көрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG