Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

Абылгазиев: Аймактардагы киреше булактарын көбөйтүү зарыл


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аймактарды дотациядан чыгаруу, жергиликтүү бюджетти көбөйтүү жолун иштеп чыгуу талабын койду.

Бул тууралуу ал Ысык-Көлгө жасаган иш сапары учурунда, Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин көчмө жыйынында билдирди. Өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүүдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи.

Расмий маалыматка ылайык Кыргызстандагы 453 айыл өкмөттүн 82 пайызы дотацияда отурат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG