7-июлда Киевде украин диссиденти жана СССР убагынан берки саясатчы, Украин Хельсинск тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер, Украинанын баатыры жана эл депутаты, жазуучу Левко Лукьяненко 89 жаш курагында көз жумду.
Лукьяненко 1928-жылы Черниговск облусунда туулган. Совет армиясында кызмат өтөгөн, 1953-жылы КПССке кирип, Москвада Ломоносов атындагы университеттин юридика факультетин аяктаган. Кийин совет бийлигине карата оппозициялык маанайдагы “Украин жумушчу-дыйкандардын бирлигин” түзгөн.
Уюм Украинанын СССРден бөлүнүшүн жактаган. Бул үчүн “Советтер союзуна каршы үгүттөдү жана пропаганда кылды” деп айыпталып КПССтен чыгарылып, атууга өкүм кылынган. Бирок кийин өкүм 15 жыл эркинен ажыратуу менен алмаштырылган.
1976-жылы эркиндикке чыккандан кийин Украин Хельсинск тобун негиздеп, кийинки жылы кайра 10 жылга эркинен ажыратылып, беш жыл сүргүнгө айдалган. 1988-жылы эркиндикке чыккан.