Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:08

Таиландда үңкүрдөгү балдардын алгачкылары куткарылды


Таиланддык куткаруучу
Таиланддык куткаруучу

Таиландда куткаруучулар үңкүрдө камалып турган төрт баланы аман-эсен алып чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке шилтеме кылып "Рейтер" агенттиги жазды. Үңкүрдөгү коңулда калган 12 баланы жана футбол боюнча машыктыруучуну куткаруу операциялары бүгүн башталган.

- Алгачкы куткаруу иштеринде эки баланы аман-эсен алып чыктык. Азыр алар үңкүрдүн жанында атайын уюштурулган талаа госпиталында дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп жатат. Андан соң алар Чианг Рай районундагы ооруканага жеткирилет, - деди куткаруу командасындагы саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Тоссатеп Бунтонг.

Буга чейин балдар суу алдында кийген жабдууну кантип колдонуу керектигин үйрөнүшкөн. План боюнча балдар куткаруучулардын базасы болгон үңкүрдүн бир жеринде эс алат, андан кийинки жол бир аз жеңилирээк деп эсептелет.

Куткаруу операциясына жалпысынан үч-төрт күн кетет. Ага 13 чет элдик, беш тай суучулу жана беш “деңиз мышыгы” катышууда.

23-июнда Чианг-Рай провинциясында жергиликтүү футбол клубунда ойногон 11-16 жаштагы 12 өспүрүм үңкүргө машыктыруучусу менен кирген бойдон дайынсыз жоголгон.

Он күндөн кийин аларды британиялык суучулдар таап, видеокамерага тартып чыгышкан. Балдар ушул тапта үңкүрдүн оозунан үч чакырым ичкери жердеги коңулда турушат. Куткаруучулар камоодо калгандарды бир канча ай бою тамак-аш, кийим-кече, жылыткыч жана байланыш менен камсыз кылып туруунун камын көргөн.

XS
SM
MD
LG