Жапонияда кырсык 60тан ашуун өмүрдү кыйды
Жапониянын батышындагы Курашики шаарында болуп көрбөгөндөй нөшөр төгүп, анын айынан каза болгондордун саны бери дегенде 69га жетти. Миңдей киши үйсүз калып, жүздөйү ооруканада жатат. Соңку маалыматтарга караганда, 60тай киши дайынсыз болуп жатканын өлкөнүн улуттук телеканалы NHK кабарлады. Суу ташкынына байланыштуу куткаруучулар тик учак жана кайык колдоно баштады. Көнөктөп жааган жаандан улам дарыялар кирип, көчкү жүрүп жатат.
Чыгарылыштар
-
Август 31, 2026ШКУнун Бишкек саммитинде эмне талкууланат?
-
Август 31, 2026Эгемендикке 35 жыл: Экономикалык өнүгүү, эркиндиктин баасы
-
Август 31, 2026Чоң-Өрүктү: Кыргызстандагы “Кичи Англия”
-
Август 30, 2026"Мадина" базарындагы өрт чектөөгө алынды
-
Август 30, 2026"Мадина" базарында чыккан өрттү өчүрүү аракети көрүлүүдө
-
Август 30, 2026ШКУга 25 жыл. Ички ажырым жана тышкы басым