Кыргыз эл артисти, белгилүү актёр Дүйшөн Байдөбөтов менен коштошуу зыйнаты бүгүн маркум туулуп-өскөн Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында өтөт.
69 жаштагы Дүйшөн Байдөбөтов 7-июлда узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан. Ал үч жыл мурда инсульт алып, дарыланып жүргөн.
Президент Сооронбай Жээнбеков маркумдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүп берди.
Дүйшөн Байдөбөтов калың элге Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде тартылган "Мен - Тянь-Шань" тасмасында Илиястын образы аркылуу таанылган.
Андан кийин “Айсулуунун талаасы” тасмасында - Сабырдын, “Каныбекте” - Түлкүбектин, “Саманчынын жолунда" –Субанкулдун, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, Темир Бирназаровдун "Белгисиз маршрут" тасмасында айдоочунун образын жараткан. Театр актеру катары “Курманбек”, “Барпы ырчы”, “Коммунист Танабай", “Отелло" баштаган жүздөгөн спектаклдерде башкы ролдорду ойногон.