Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Эрдоган президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтүнө расмий киришет


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын борбору Анкара шаарында бүгүн Режеп Тайып Эрдоган ант берип, президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтүнө расмий киришкени жатат. Ант берүү аземинен кийин ал жаңы өкмөттүн курамын жарыялаганы турат.

Түркиянын Конституциясына былтыркы референдумда киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Эрдогандын экинчи мөөнөткө киришүүсү менен аткаруу бийлиги да президенттин колуна өтөт.

Түркияда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик жана парламенттик шайлоо 24-июнда болгон. Жогорку шайлоо кеңеши 4-июлда шайлоодо Эрдоган 52,59% добуш менен жеңишке жеткенин жарыялаган. Анын АК партиясы 600 орундуу парламенттен 295 орун алды. АК партиянын саясий өнөктөшү болгон Улуттук кыймыл партиясына 49 мандат тийди.

XS
SM
MD
LG