Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:09

Бир аптада 150дөй мас айдоочу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда акыркы бир апта ичинде мас абалында автоунаа айдап бараткан 151 айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы кабарлады.

Акыркы жумада жалпысынан 18 миңдей жол эрежесин бузуу катталган, анын ичинен 3 миңден ашыгы - жол белгилеринин талаптарын аткарган эмес. Эки жарым миңи ылдамдыкты ашырып жиберген, 100гө жакыны терезелерин караңгылатып алган.

Натыйжада 500дөй автоунаа атайын токтотуучу жайларга киргизилген. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG