Анатолий Карповдун кубогу үчүн Ысык-Көл облусунда 29-июнда башталган шахмат боюнча балдар арасындагы турнир жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Шахмат федерациясы кабарлады.
Ысык-Көлдө “Рух Ордо” борборунда өткөн иш-чарага аймактардан келген жүздөгөн балдар-кыздар катышты. Мелдештер алты жаш, сегиз жаш, он жаш жана он эки жашка чейкинкилер арасында өз-өзүнчө жүрдү.
Жеңүүчүлөргө сыйлыкты шахмат боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, кубок ээси, Орусиянын Мамдумасынын депутаты Анатолий Карпов, эл аралык ФИДЕ уюмунун вице-президенти Георгиос Макропулос жана Кыргызстандын Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдор тапшырды. (ErN)