ЖМКдагы маалыматтын баары чынбы?
Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган материалдардын чын- төгүнү иликтенет. Ал “Сорос-Кыргызстан” фонду каржылаган “Кыргызстандагы медиа сабаттуулукту өнүктүрүү демилгелери” деп аталган долбоордун алкагында ишке ашат. Долбоорду ишке ашырып жаткан “Медианы өнүктүрүү борбору” коомдук фондунун өкүлдөрүнүн айтымында, иликтөөнүн негизинде аныкталган натыйжалар “Чын” жана “Жалган” деп жарыяланып турат. Мындай аракет ЖМКда жана интернет ресурстарында фактыга негизделген чын маалыматтарды жарыялоо жана ар бир маалыматты сын көз менен карап, кабыл алуу маданиятын Кыргызстанда калыптандыруу максаты менен түзүлдү деп кабарлашты.
Чыгарылыштар
-
Июнь 17, 2026Ысык-Көлдө кайык жарышы өтмөй болду
-
Июнь 08, 2026Ысык-Көлдө сел агызып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды
-
Май 27, 2026Бишкек: Курман айт намазына миңдеген киши чогулду
-
Май 24, 2026"Сарык болдук, оорудук". Таза сууга зар болгондор
-
Май 11, 2026Бакиевдер курган фабрика, апрелчилердин арыз-муңу